Биз менен байланышыңыз

COVID-19 илдетинен дагы 252 бейтап сакайды

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 234 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир бейтап каза болду. Ал Баткен облусунда катталды.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, 4-сентябрга карата коронавирустун жаңы 92 учуру катталды.

Бишкек шаары боюнча — 12 учур, Ош шаары – 2, Чүй облусу – 7, Ош облусу — 15, Талас облусу — 1, Нарын облусу – 6, Ысык-Көл облусу – 32, Жалал-Абад облусу – 3, Баткен облусу — 14 учур.

Өлкөдө коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 44 миң 227ге жетти.

Учурда стационарларда 584 бейтап дарыланып жатат, амбулатордук дарыланууда 4614 бейтап бар.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 252 бейтап айыкты. Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган 39 миң 426 киши сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM