Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда COVID-19 менен ооруп жаткан 18 адам оор абалда

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 534 | 0

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы менен ооруп жаткан 18 адам оор абалда жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

«Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны азайды. Бирок дагы эле илдетти оор көтөргөндөр жана жандандыруу бөлүмүндө жаткандар жок эмес. Мисалы, Бишкек шаарында эле мындай абалда 18 адам бар. Дарыгерлер консилиумун жеринен өткөрүп, ар бир бейтаптын башка оору менен ооруганын эске алуу менен, жекече мамиле жасашы керек», — деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайтуу маселесин да карап чыгууну тапшырды.

Кавасаки оорусуна каршы күрөшүү боюнча Казакстандын тажрыйбасын өздөштүрүүнү, ошондой эле өлкө аймагына вирус келсе, ага каршы туруу боюнча даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары өлкө боюнча жаңы курулуп жана профили өзгөртүлүп жаткан ооруканаларга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM