Биз менен байланышыңыз

Президент: Сүттү кайра иштетүү тармагы тышкы рыноктордо атаандаша алат

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 697 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү «Жайыл Милк» заводунун иши менен таанышты.

Ишкана 2000-жылдан бери иштебей турган. Жергиликтүү фермерлер сүттү кайра иштетүү үчүн ортомчулар аркылуу коңшу турган Москва жана Панфилов райондоруна тапшырууга аргасыз болушкан.

Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев кийин жеке инвестор болгон сүттү кайра иштетүүчү «Кант Сүт» заводу «Жайыл Милк» ишканасын сатып алып, аны калыбына келтирүү үчүн фонддон бөлүнгөн 1 миллион АКШ долларына жакын каражатты жумшаганын билдирди.

Завод акырындык менен ишке киришип, 2019-жылдын апрелинен баштап күнүнө 20 тоннага чейин сүт кабыл ала баштаган.

Бүгүнкү күндө заводдо күнүнө 40 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүндүк берген жаңы шаймандар орнотулуп, каймак май, кургатылган жана коюлтулган сүт өндүрүлө баштады. Жергиликтүү тургундар үчүн 50 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

Компаниянын өнүмдөрү Казакстан, Россия, Тажикстандын рыногуна экспорттолот, Кытайдын рыногуна чыгуу боюнча пландар бар.

Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында өлкөнүн каржы институттарынын жеңилдетилген каражаттарынын 70 пайыздан ашууну аймактардагы элет ишкерлерине бөлүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM