Биз менен байланышыңыз

Дипакадемияда эл аралык мамилелерди талдоо борбору түзүлдү

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 307 | 0

Тышкы иштер министрлигиндеги Дипломатиялык академияда эл аралык мамилелерди талдоо борбору түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы түзүлгөн борбордун жетекчилигине мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев дайындалды.

Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелерди талдоо борбору учурдагы тышкы саясий процесстерди ар тараптуу талдоону жүзөгө ашыруу жана практикалык мүнөздөгү узак мөөнөттүү болжолдуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM