Биз менен байланышыңыз

Үгүт иштерине катышкан имамдар кызматтан четтетилет

Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 674 | 0

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы диний ишмерлерди шайлоо иштерине катышпоого жана мечиттерди штабга айландырбоого чакырып, бул максатта атайын буйрук чыгарды. Бул кабарды муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев ырастады.

Анын айтымында, дин ишмерлери, имамдар шайлоодогу үгүт иштерине аралаша албайт. Эгер кайсы бир кызматкер шайлоо иштерине аралашкандыгы тууралуу факты болсо, анда ага муфтият тарабынан чара көрүлөт.

Муфтиятта бул боюнча буйрук чыкты. Эгер имамдар, дин кызматкерлери үгүттөө жүргүзгөнү аныкталса, анда үгүттөөнүн деңгээлине жараша чара көрүлөт. Мисалы, кызматынан четтетүү маселеси каралышы мүмкүн, — деп билдирди Атабаев.

Азыркы учурда бардык имамдарга муфтият тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ал эми мечиттерде диний иштер гана жүргүзүлүп, андан башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ал үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 16 партия документтерин тапшырган. Шайлоонун үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM