Биз менен байланышыңыз

«Биз муну жазып алдык». Түмөнбаева 5 жылдан бери чечилбеген мектеп көйгөйүн көтөрдү

Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 343 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Рада Түмөнбаева 5 жыл ичинде өкмөттүн башына келген 5 премьер-министр тең Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Шатманов мектебинин маселесин чечпей келгенине нааразы болду.

Ал парламенттин бүгүнкү жыйынында мектеп маселеси көтөрүлгөндө, дептерине жазып алып, бирок аны жоготуп же сактап койгон премьерлерди сындады.

«Биз жыл ичинде 5  премьер-министр менен иштештик. Мен бешөөнө тең Аксы районундагы Шатманов мектебинин көйгөйү тууралуу бир эле суроо бердим. Беш өкмөт башчы тең ар бир жолугушуусунда “бул маселени жазып алдык” деп жооп беришкен. Жазып алып, дептерлерин жоготуп жатышабы же аны тарых үчүн сейфке сактап жатышабы, мен түшүнгөн жокмун. Эгер сейфке сактап коюп жатышкан болсо, бош убагында мемуарларды жазганда Шатманов мектеби жөнүндө жазганды да унутушпасын», -дейт эл өкүлү.

Депутат Рада Түмөнбаева Аксы районундагы Шатманов атындагы мектептин кооптуу жерде жайгашкандыгын, тоо этегинде болгондуктан, жер көчүү коркунучу бар экенин айтып келет. Анын маалыматына караганда, 150 окуучуга ылайыкташкан мектепте 400дөн ашуун бала окуйт.

1994-жылы жер көчкү болуп, эки батирди жана аталган мектептин спорт аянчасын басып калган. Катуу жаан жааганда ата-энелер балдарын мектепке жибере албайт. 2017-жылы тендер өткөрүлүп, аны утуп чыккан компания да курулушту баштаган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM