Биз менен байланышыңыз

БШК Турсунбай Бакир уулунун арызын жалпы жыйында карайт

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 497 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-сентябрда кечки саат 17.30дагы жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланыштуу жазган арызын карайт.

Турсунбай Бакир уулу буга чейин маалымат жыйынын куруп, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланыштуу БШКга арызданганын айткан. Ал партиянын 19-августтагы жыйынында талапкерлердин тизмесинде алдыңкы 15 орундукка киргенин, кийин 22-орунга жылганын, андан соң партиядан чыгып калганын билдирген.

БШКнын бүгүнкү жалпы жыйынында «Мекеним Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Ыйман нуру» саясий партияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  жөнүндө, «Ата Мекен», «Бир Бол» партияларынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмеси жөнүндө ж.б. маселелер каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM