Биз менен байланышыңыз

Таза суу менен камсыз кылуу: Европа инвестициялык банкы 20 млн евро бөлөт

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 398 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын жана Европа инвестициялык банкынын ортосундагы ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоорун жактырды.

Программаны ишке ашыруу максатында, кыргыз өкмөтү менен Европа инвестициялык банкы тарабынан каржылоо каралган. Долбоордун жалпы баасы 20 млн еврону түзөт. Насыя 25 жылга берилет, анын ичинде 8 жыл — жеңилдетилген мезгил.

Долбоор ичүүчү суу менен камсыздоону, канализация тармагындагы муниципалдык инфраструктураны модернизациялоону, катуу таштандыларды башкарууну жакшыртууга багытталган.

Андагы Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча таштандыларды кайра иштетүүгө кошумча Өзгөн, Майлуу-Суу, Балыкчы, Токтогул, Кара-Суу, Чолпон-Ата, Кызыл-Кыя, Ош шаарлары киргизилүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM