Биз менен байланышыңыз

7-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 738 | 0

Кыргызгидромет борбору 3-сентябрдан 7-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

3-сентябрда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

4-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-сентябрда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-7-сентябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

3-сентярбда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт.

4-5-сентябрларда жана 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.  7-сентябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

3-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

4-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

5-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт.

7-сентябрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Баткен облусунда, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

3-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

4-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт.

6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

3-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-сентябрда эртең менен, күндүз жана 4-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

5-сентябрда жана 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 3-5-сентябрда күндүз жана 6-7-сентябрда шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

3-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаайт.

4-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-сентябрда жаан-чачын болбойт.

6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM