Биз менен байланышыңыз

Жогорку сот «Кыргызстан» партиясы боюнча БШКнын арызын карай баштады

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 379 | 0

1-сентябрда Жогорку сот «Кыргызстан» партиясы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын карап жатат. Анда Боршайкомдун жүйөлөрү угулуп жатат.

БШК парламенттик шайлоого катышуу үчүн катталган партиялардын документтерин 24-августта кечки саат 18.00дө кабыл алууну токтоткон. «Кыргызстан» партиясы документтерин тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен 25-августта кагаздары артка кайтарылган.

Мыйзам боюнча шайлоого аттанган партиялар 24-август күнү жергиликтүү саат 18:00гө чейин документтерин БШКга тапшырышы керек.

«Кыргызстан» партиясы БШКнын мындай чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылган. 27-августта Бишкек шаардык административдик соту партиянын арызын канааттандырган. 29-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылган.

Ал ортодо Жогорку соттун имаратынын алдында таза шайлоо өткөрүүнү талап кылган акция өтүүдө. Кырдаалды милиция көзөмөлдөп жатат. Соттун алдына «Кыргызстан» партиясынын колдоочулары да келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM