Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд куб метрди түзөт

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 301 | 0

1-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 864 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Суунун агып келиши секундасына 626 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 282 куб метрге жетүүдө.

Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Суунун топтолушунун активдүү мезгили  — май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакытка туура келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM