Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары нааразылык митингине чыгышты. Алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду онлайн-аукцион аркылуу ижарага алган соода жайларын сатыкка коерун, андан улам ижара акысы кымбаттай турганын айтышууда.
«Каравандын» ижарачылары март айында Бизнес-акыйкатчыга Мүлк фондунун иш-аракеттери жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Анда айтылгандай, келишимдеринин мөөнөтүн узартуу же жаңы мөөнөткө ижара келишимдерин түзүү боюнча бир нече жолу өтүнүшкөн. Бирок 2019-жылдан бери соода борбордогу жайларын кагаз жүзүндө ижара келишимисиз колдонуп келишкен.
Ижарачылар акысын төлөп жатышса да, Мүлк фонду соода борбордун имаратын электрондук аукционго киргизгени кабарланган.
Бизнес акыйкатчы 29-май күнү Мүлк фондуна жогоруда айтылган мыйзам бузууларды четтетүү сунушун берген.
Бирок фонд ижарачылардан ижарага алынган жайларын 15-августка чейин бошотууну талап кылган.