Биз менен байланышыңыз

Август айында салык боюнча план 1,2 млрд сомго ашык аткарылды

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 309 | 0

2020-жылдын август айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 7 млрд 515,9 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 120,2 % пайызды түзгөн. Тагыраагы 1 млрд 265 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн келип түшүүсү 246,6 млн сомго көбөйгөн.

Ал эми республикалык бюджет 123 пайызга, жергиликтүү бюджет 110,2 пайызга аткарылды.

Август айында салыктын көп топтолушу бир топ факторлорго байланыштуу. Мисалы, жергиликтүү салыктарды, анын ичинде транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын, ошондой эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды жыйноо боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлдү. 

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта ишке ашырыла баштаган «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар жыйынтыктарын берген.

Акыркы үч айда Салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 3,2 млрд сомго кыскартылган, себеби коронавирус пандемиясынын натыйжасында киргизилген чектөөлөрдүн айынан үстүбүздөгү жылдын алгачкы беш айындагы салыктар боюнча план 6,4 млрд сомго түшүп кеткен.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 8 айында 47 млрд 905,2 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM