Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңеши шайлоо маселелерин талкуулап жатат

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 414 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрүүдө. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышууда.

Жыйында 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар каралууда.

Пандемия шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана Премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM