Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Адинай Мырзабекова атындагы сейил бак ачылат (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 771 | 0

Бишкек шаарынын түштүк тарабында Адинай Мырзабекова атындагы жаңы сейил бак пайда болот. Президент Сооронбай Жээнбеков 11-августта сейил бакка барып, пандемияга каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштады.

Президент сөз сүйлөп жатып, медициналык кызматкерлердин күжүрмөн эмгегин дагы бир ирет белгилеп, ар бир мезгилдин өз баатырлары болорун, бүгүнкү күндүн баатырлары дарыгерлер экенин айтты.

«Замандаштар өз баатырларынын элесин түбөлүккө сактап калууга аракет кылышат. Биз да Адинайдын элеси көп жылдар бою сакталып калышын каалайбыз. Бул сейил бакка келген ар бирибиз Адинайдын жана биздин баатыр дарыгерлерибиздин жаркын элестерине таазим этели. Адинай келечекте дарыгер болууну кыялданып жүрүп, илдетке каршы алдыңкы сапта  ыктыярчы катары күрөшүп жатып, өз өмүрү менен кош айтышты. Мындай кызды тарбиялап чоңойткон ата-энесине таазим этем жана терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деди мамлекет башчы.

Жээнбеков мыйзамсыз берилип кеткен парк жерлерин мамлекетке кайтаруу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жаңы парк зоналарын куруу жана жарандардын эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери Бишкекте гана эмес, бүт өлкө боюнча улантыларын белгиледи.

Жаңы сейил бак 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан. Бүгүнкү күндө бардык жумуштар аяктап, сейил бак жакын арада пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Өлкө башчы сейил бакты кыдырып, баскетбол, волейбол жана воркаут машыгууларына күбө болду.

«Street Workout» федерациясынын өкүлдөрү жакынкы апталарда учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, спорттук мелдештерди өткөрүүнү пландап жатышканын маалымдашты. Алар Президентке бул иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан акыркы бир жылда борбордо жалпы аянты 28 гектардан ашуун 3 ири жаңы сейил багы курулуп, жалпы аянты 30 гектардан ашуун дагы төрт сейил бактын курулушу улантылууда.

22 жаштагы Адинай Мырзабекова Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жүрүп каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM