Биз менен байланышыңыз

Бала бакчалар кандай шартта иштейт?

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 13816 | 3

2020-2021-окуу жылында мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана мектепке даярдоо класстары төмөнкүдөй шартта ишмердүүлүгүн жүргүзөт:

Мектепке чейинки бардык билим берүү уюмдары аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна коркунуч келтирбеген шартта, санитардык талаптарды сактоо менен ишмердигин жүргүзүшү керек;

Бала бакчалар ишмердүүлүгүн ата-энелердин муктаждыгына ылайык жүргүзүшү керек;

Балдардын билим берүү уюмдары үчүн убактылуу алгоритмин аткарууга милдеттүү.

Кырдаалга жараша мектепке чейинки билим берүү уюмдары уставында белгиленген тартиби боюнча (3,10, 24 саат) салттуу түрдѳ ишмердигин жүргүзүшү мүмкүн;

Ата-энелер менен макулдашуунун негизинде  кыска мөөнөттүү (3 сааттык) тайпалардын ачылуусу мүмкүн.

Балдардын саны абдан аз болсо, “нөөмөтчү” тайпалар иштеши керек;

Ар түрдүү курактагы балдар үчүн тайпалар ачылышы мүмкүн;

“Балалык” программасынын негизинде даярдалып жаткан видеоматериалдарды көрүү аркылуу дистанттык форматта да ишмердик жүргүзүлүшү мүмкүн.

Балдарды мектепке даярдоо класстары:

Аймактардагы эпидемиялык кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна коркунуч келтирбеген шартта, бардык санитардык эрежелерди сактоо менен балдарды мектепке даярдоо класстарында окутуу салттуу түрдѳ ѳткѳрүлүшү мүмкүн.

“Наристе” балдарды мектепке даярдоо программасынын негизинде даярдалып жаткан видеоматериалдарды көрүү аркылуу дистанттык окутуу жүргүзүлүшү да мүмкүн.

3 пикир

3 пикир

  1. Чолпон

    14.08.2020 11:27

    Студентерди окутуп койсо жакшы болмок 1курстарды

  2. Эленора

    14.08.2020 20:23

    Мектеп Окуучуларын деле сентябрь айы кун жылууда окута берсе болмок балдар билим алууда ото эле аксап атат, дистанционный окуу бул жон эле убакыт откоруп болбогон бакыт откоруу экен. Ата эне катары мектеп, ЖОЖ окуса деп суранып кетет элем

  3. Самара

    14.08.2020 22:54

    Иштергендер балдарды каяака алып барышат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM