Биз менен байланышыңыз

Пандемия: Жума сайын 300дөй адам психологиялык кеп-кеңеш алууда

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 394 | 0

Кыргызстанда психикалык саламаттыкты сактоо адистери 3 миңдей адамга сурамжылоо жүргүзүп, алардын өзгөчө кырдаал учурунда жашоосунун өзгөргөнү, психикалык абалы жөнүндө сурашкан. Респонденттердин 73 пайызы психикалык саламаттыгында өзгөрүү байкалбаганын айтышкан.

23 пайызы психикалык саламаттыгынын анча чоң эмес көйгөйү бар экенин белгилешкен.

Психикалык ден соолук республикалык борборунун директору Урайымжан Исмаиловдун айтымында, калктын 3 пайызы кесиптик жардамга муктаж болсо, 0,4 пайызы олуттуу маселелери бар болуп, сөзсүз атайын психикалык жардам керек экендигин айтышкан.

«Коронавирус инфекциясына байланыштуу калкка медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү үчүн бир нече иш-чаралар каралган. Анын ичинде медкызматкерлердин дагы психикалык саламаттыгын сактоо боюнча иштер каралган. Мындан улам, жардам көрсөтө турган уюмдардын жана адистердин тизмеси жарыяланып, дистанттык түрдө жардам берилип жатат«, -деп билдирди Исмаилов.
Аталган борбор тарабынан карантин шартында психологиялык чыналууну басаңдатуу, тынчсыздануу жана ар кандай коркууларды азайтуу үчүн протокол иштелип чыккан.

«Орто эсеп менен жума сайын 300гө жакын адам онлайн кеңеш алып жатат жана бир бейтапка 3төн 20 сеанска чейин өткөрүү зарыл. Кайрылгандардын көбүндө көңүл чөгүү, психикалык чыңалуу, уйкунун бузулушу, коркуулар жана кооптуу бузулуулар байкалууда. Ушундай эле жардамды аралыкта өкмөт уюмдарынын жана менчик уюмдардын психолог адистери активдүү өткөрүп келүүдө«, — деп кошумчалады Исмаилов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM