Биз менен байланышыңыз

COVID-19 вирусу дагы 8 медициналык кызматкерге жукту

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 348 | 0

Кыргызстанда дагы 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын бирөө — Бишкек шаарында, дагы бири — Ош шаарында, Ош облусунда — 2, Чүй облусунда — 4 учур.

Ошол эле учурда акыркы бир суткада 8 медициналык кызматкер  айыгып,  ооруканалардан чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининде дарыланып жаткан 26 медициналык кызматкер сакайды.

COVID-19 вирусу жалпы 2967 медикке жуккан, 2212си айыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM