Биз менен байланышыңыз

Ош шаарына кире бериштеги санитардык-карантиндик посттор алынды

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 393 | 0

Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган санитардык-карантиндик посттор алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим Ош шаардык Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды.

Ош шаарына кирүүчү жолдорго жалпы 7 санитардык-карантиндик пост орнотулган. Алар: Жапалак ДЭУ, Тээке-Аскер полигону, 8-март, ТЭЦ, Беш-Көпүрө, Кырарык-Арка, Амир-Темур.

«Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Ооруга чалдыгуу бир аз төмөндөгөнүнө карабастан, бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкекке кире бериш жердеги 12 карантиндик пост алынып, Ысык-Көлгө кирүүнүн да алгоритми өзгөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM