Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 10 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 9 Авг 2020 | 536 | 0

Республикалык штаб билдиргендей, бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.

• Бишкек ш. – 3
• Ош ш. – 1
• Баткен облусунда – 2
• Жалал-Абад облусунда – 1
• Чүй облусунда – 1
• Ош облусунда – 2 учур катталды.

Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 38 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2948 учур катталды, алардын ичинен 2141 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM