Биз менен байланышыңыз

Коркунучу бар көлдөргө изилдөө иштери жүргүзүлүүдө

Кыска кабар | 9 Авг 2020 | 704 | 0

Чүй жана Ош облусу боюнча жырылып кетүү коркунучу бар көлдөргө изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бийик тоолордогу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн уюштурулган изилдөө 4-августта башталды.

«Бүгүнкү күндө Чүй облусунун Сокулук району боюнча төрт көл, Панфилов району боюнча үч көл жана Ош облусунун Ноокат району боюнча беш көл изилденди», — деп жазылат билдирүүдө.

Алардын жыйынтыгы боюнча, быйыл көлдөрдө суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу төмөнүрөөк. Демек, жырылып кетүү коркунучу аз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM