Биз менен байланышыңыз

Атайын операция учурунда өлгөндөрдүн арасында кыргызстандык балбан болгон эмес

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 581 | 0

Орусиянын Ингушетия аймагында атышуудан каза болгондордун арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Муслим Евлоев болгон эмес. Бул тууралуу өлкөнүн укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар орусиялык басылмаларга билдирген.

Жок кылынган адамдардын өздүгү аныкталган, алар мыйзамсыз куралдуу топтун мүчөлөрү болгондугу айтылды.

Маалыматка караганда, Муслим Евлоев качып кеткен. Анын тууганы кармалган.

Атайын операция өткөн аптада офицердин өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Буга чейин Кыргызстандын атынан Азия чемпиону аталган Муслим Евлоев согушкер катары атып өлтүрүлгөндүгү маалымдалган.

Кошумчалай кетсек, Евлоев 2015-жылдан бери Кыргызстан үчүн ойноп, Азия чемпионатында алтын медаль алып келген.

Ошондой эле Бакуда өткөн Ислам тилектештик оюндарында жеңишке жеткен. Мындан тышкары ал Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM