Биз менен байланышыңыз

Беларусия: Мөөнөтүнөн мурда шайлоого үч күндө 22,47% шайлоочу катышты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 594 | 0

Беларусияда президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн үчүнчү күнүндө шайлоочулардын катышуусу 22,47 пайызды түздү. Бул тууралуу республиканын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Эң жогорку добуш берүү Гомель районунда катталган, анда тизмеге киргизилген шайлоочулардын 30,22%, эң төмөн — Минск шаарында 18,89% шайлоочу добуш берди.

Витебск облусунда 21,18%, Минск облусунда 20,84%, Могилев облусунда 26,14%, Гродно облусунда 20,05% шайлоочу шайлоого катышты.

Беларусиядагы президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 4-августта башталып, 8-августка чейин созулат.

Шайлоо участоктору саат 10.00дөн 14.00гө чейин жана 16.00дөн 19.00гө чейин иштейт.

Тизмеге киргизилген каалаган шайлоочу добуш бере алат. Ошол эле учурда, негизги добуш берүү күнү шайлоо участогуна келе албай калуунун себептерин тастыктоонун кажети жок.

Беларусияда 6,8 миллиондон ашык шайлоочу катталган. 5,5 миңден ашык участоктордо, анын ичинде чет өлкөдөгү 44 участокто мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM