Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: 2, 3 жана 4-курстун студенттери аралыктан окушат 

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 511 | 0

Өзбекстанда ушул жылдын сентябрь айында 2, 3 жана 4-курстун студенттерин онлайн режиминде окутуу башталат. Бул тууралуу  өлкөнүн Жогорку билим берүү боюнча республикалык кеңешинин төрагасы Уктам Умурзаков журналисттерге билдирди.

Ал жаңы окуу жылына даярдык көрүү маселеси өтө оор экендигин мойнуна алды.

«Март айынан бери онлайн режиминде сабактарды өткөрүп келе жатабыз, бирок бул форматты каалайбызбы, каалабайбызбы, кадимки сабак системасын алмаштыра албайбыз. Сентябрь айынан баштап 2, 3 жана 4-курстун студенттери үчүн онлайн режиминде окутууну баштайбыз. Эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин билим берүүнүн салттуу түрүн кайтарып бере алабыз «, — деди Уктам Умурзоков.

Өзбекстандагы ЖОЖдорго кабыл алуу сынактарынын датасы азырынча белгисиз.

6-августта өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында өткөн жыйында сынактар ​​Ташкент, Нукус жана облустук борборлордун стадиондорунда өтөрү маалымдалган.

Сынактар ​​күнүнө эки нөөмөттө өтөт жана 12-14 күнгө созулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM