Биз менен байланышыңыз

Рогун ГЭСинде электр энергиясын өндүрүү 3 эсеге көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 410 | 0

Биринчи жарым жылдыкта Тажикстандын Рогун ГЭСинде электр энергиясын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик үч эсе өстү.

«Барки точиктин» маалыматы боюнча, ушул жылдын январь-июнь айларында Рогун ГЭСинде 595 млн кВт.саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына караганда 385 млн кВт.саатка көп.

Asia-Plus билдиргендей, учурда станциянын эки гана агрегаты иштеп жатат.

Баары болуп, Рогун ГЭСне ар биринин кубаттуулугу 600 МВт болгон алты ГЭС орнотуу пландаштырылууда. Станция 2033-жылга чейин толугу менен курулары  күтүлүп жатат.

Быйыл Рогун ГЭСинин курулушун бүтүрүү үчүн бюджеттен 2,1 миллиард сомони бөлүү пландалууда.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын биринчи жарымында 1,3 миллиард сомони өздөштүрүлдү.

Расмий маалыматтар боюнча, Рогун ГЭСинин курулушу башталгандан бери каржылоонун бардык булактарынан 28 миллиард сомони сарпталды.

ГЭС толугу менен иштетилгенден кийин, электр энергиясын өндүрүү жылына 17,0 млрд кВт.сааттан ашары болжолдонууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM