Биз менен байланышыңыз

Орусия: Чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүү тартиби өзгөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 832 | 0

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адам бакубаттуулугун көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы чет өлкөлүк жарандардын Орусияга кирүү тартиби өзгөргөнү боюнча токтом жарыялады.

Документке ылайык, өлкөгө келген Орусиянын жарандары учакка отурарда мамлекеттик кызматтардын порталында анкета толтурушу керек. Келгенден кийин 3 күндүн ичинде коронавируска текшерилиши керек. Тесттин натыйжаларын порталга жайгаштырышы шарт.

Орусияга келген күндөн тартып 14 күндүн ичинде ден-соолугу начарлап кетсе, жарандар медициналык уюмдарга барбастан тезинен медициналык жардамга кайрылышы керек.

Орусияга барууну каалаган жарандарда COVID-19 боюнча тесттин жыйынтыгы таза экенин тастыктаган ПЦР-анализи (орус же англис тилинде) болушу шарт.

Бул эрежелер Орусиянын аймагына келген экспорттук жана туруктуу учууларга карата колдонулат. Жаңы эреже транзиттик сапар менен Орусияга баргандарга да тиешелүү.

Эмгектенүү үчүн келген чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагына кирген күндөн тартып 14 күн карантинге алынат.

Тийиштүү токтом 2020-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM