Биз менен байланышыңыз

Орусиянын коронавируска каршы дарысы 15 өлкөгө жеткирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 2092 | 1

Орусиянын коронавируска каршы дарысы — «Авифавир» 15 өлкөгө жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын Түз инвестициялар фондунун (RFPI) башчысы Кирилл Дмитриев билдирди.

Ошол эле учурда, дары-дармектерди Түштүк Африка Республикасына жеткирүү башталды.

Препаратты Түз инвестициялар фонду менен биргеликте иштеп чыккан XimRar компаниясынын башкы директору Андрей Блинов «Авифавирдин» учурда Оруссияда ички керектөөнү камсыздоо үчүн жетиштүү көлөмдө иштелип чыккандыгын айтты. Бул ички суроо-талапты бузбай дарыны чет өлкөгө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Компания, ошондой эле, Боливиялык компания менен «Авифавирди» Латын Америкасынын жети мамлекетине — Аргентина, Боливия, Гондурас, Парагвай, Сальвадор, Уругвай жана Эквадорго жеткирүү боюнча келишимге кол койду.

Келишим Боливиядагы өнөктөшүнөн «Авифавирди» алуу үчүн кеминде 150 миң кутудагы дары жана технологияны жеткирүүнү карайт.

Кирилл Дмитриевдин айтымында, азыркы учурда айрым өлкөлөргө вируска каршы дары-дармектер боюнча эки вакцина бар — АКШдан «Ремдесивир» жана Орусиядан «Авифавир».

«АКШ «Ремдесивирдин» 90 пайызын сатып алган. Ошондуктан 15 мамлекет биздин өнүмдү сатып алгандыгы биз үчүн таң калыштуу эмес. Ал чындыгында жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатат», — деди Дмитриев.

Май айынын аягында Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги «Авифавирди» каттаган, ал эми 3-июндан баштап, коронавирустун алдын алуу жана дарылоо үчүн сунушталган каражаттардын тизмесине киргизилген.

Түз инвестициялар фонду билдиргендей, «Авифавир» клиникалык сыноолор учурунда коронавирустук оорулууларды дарылоодо жогорку натыйжалуу экендиги далилденди.

1 пикир

1 пикир

  1. Аскат

    04.08.2020 10:19

    Авифавир менен вакцина такыр башка. Авифавир вирускакаршу даары, вакцинага кирбейт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM