Биз менен байланышыңыз

Бишкек: 2 стационар жабылды

Кыска кабар | 2 Авг 2020 | 1015 | 0

Бишкекте кайрылгандар азайгандыгына байланыштуу убактылуу ачылган эки стационар жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Сейтек мектебинин базасында күндүзгү стационар жана Октябрь районундагы «Салтанат» ресторанындагы түнкү стационар жабылды.

Мындан сырткары эртең, 3-августта Жал кичи районундагы №95 мектептеги стационар жабылат.

1-августта күндүзгү стационарларга 1 миң 176 жаран кайрылган. Ал эми 2-августка караган түнү түнкү стационарларга 192 адам кайрылды.

Учурда Бишкек шаарында эртең мененки 08:00дон кечки 20:00го чейин иштеген 12 күндүзгү стационар, ал эми шаар боюнча 2 түнкү стационар иштеп жатат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM