Биз менен байланышыңыз

«Адеп Башаты»: Бишкекте медиктерге 1 тонна курмандык эти берилди

Кыска кабар | 2 Авг 2020 | 1287 | 0

Курман айт майрамынын урматына Бишкек шаарында «Адеп Башаты» диний уюму тарабынан дарыгерлер жана медайымдарга 1000 кг эт берилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, «Адеп Башаты» тарабынан 400гө жакын бодо мал курмандыкка чалынды. Анын эттери балдар үйлөрүнө, карыялар үйүнө жана башка муктаждарга таратылды.

Курмандыктар жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан алынган.

Кырдаалга жараша элдин көп топтолбоосун камсыздоо максатында мал бир топ жерде союлду. Анын негизинде өткөндөр эскерилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM