Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Адеп Башаты» тарабынан 400дөй бодо мал курмандыкка чалынды

Кыска кабар | 2 Авг 2020 | 1040 | 0

Быйылкы Курман айт майрамынын урматына Бишкек шаарында «Адеп Башаты» диний уюму тарабынан 400гө жакын бодо мал курмандыкка чалынды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, курмандыктын эттери балдар үйлөрүнө, карыялар үйүнө жана башка муктаждарга таратылды. Дарыгерлер жана медайымдарга бир тоннага (1000кг) жакын эт берилди.

Кырдаалга жараша элдин көп топтолбоосун камсыздоо максатында мал бир топ жерде союлду. Анын негизинде өткөндөр эскерилди.

«Пандемиянын кесепетинен көз жумган аалымдардын атынан да курмандыктар чалынып, куран түшүрүлдү. Курмандык чалуу – Алла Тааланын буйругуна баш ийүү жана анын бизге берген нимат-жакшылыктарына чын ыкластан ыраазычылык билдирүү болуп саналат. Алла Таала баарыбыздын жасаган жакшылык иштерибизди, курмандык чалгандардын курмандыктарын кабыл кылсын. Күнөстүү жергебизде дайыма тынчтык жана бейпилчилик жылоолоп жүрө берсин», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетcек, курмандыктар жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан алынган.

Copyright © 2017 Maral FM