Биз менен байланышыңыз

Airbus’тун учкучсуз тик учагы алгачкы каттамын жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Авг 2020 | 305 | 0

Airbus Helicopters компаниясынын VSR700 учкучсуз тик учагы өзүнүн биринчи каттамын жасады. Учуу 10 мүнөткө созулду.

Компаниянын башкы директору Бруно Жаунун айтымында, VSR 700дүн биринчи учуусу Франциядагы сыноо борборунун аймагында болгон.

Тик учактын узундугу 6,2 метр. Ал 6 чакырым бийиктикте абада 8 саат бою тура алат. Пилотсуз учуунун максималдуу ылдамдыгы саатына 80 км.

VSR700 деңиз операцияларында аскердик тик учактарга жана кемелерге жардам берүү үчүн иштелип чыгууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM