Connect with us

Сауд Аравиянын падышасы ооруканадан айыгып чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 643 | 0

Сауд Аравиянын Королу, 84 жаштагы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд өттүн операциясынан кийин Эр-Рияддагы ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу Королдук Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Падыша өттүн сезгенүүсү менен 20-июлда ооруканага жаткырылган.

«Сауд Аравиянын падышасы лапароскопиялык операциядан ийгиликтүү айыгып, ооруканадан чыгып жатат», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Мындан мурдараак Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Козими падышанын оорусуна байланыштуу Эр-Риядга болгон иш сапарын жокко чыгарган болчу.

Аль-Козиминин Сауд Аравияга болгон сапары Ирактын премьер-министринин биринчи тышкы сапары болчу. Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу мамилелер жана аймактагы актуалдуу маселелер талкууланмак.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM