Биз менен байланышыңыз

АКШда ири IT компаниялар Кытай алардын технологиясын уурдашын четке какты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 248 | 0

АКШнын ири IT компанияларынын лидерлери — Amazon, Apple жана Google — Кытай өкмөтү компаниялардын технологияларын уурдап алганына ишеним артышпайт. Бул тууралуу алар АКШнын Өкүлдөр палатасынын Укук комитетинин Монополияга каршы саясат бөлүмүндө угуу учурунда билдиришти.

Бул процессте катышкан ар бир ишкерден Кытайдын АКШнын бизнесинен технологияларды уурдап кетиши жөнүндө суралгандыгы белгиленди.

Apple компаниясынын директору Тим Кук мындай учурларды билбестигин айтты.

Amazon компаниясынын башкы директору Жефф Безос мындай учурларды жеке өзү башынан өткөргөн эместигин жана эч кандай мисал келтире албай тургандыгын айтты.

Google компаниясынын башкы директору Сундар Пичай Кытай бийликтеринде ал башкарган компаниянын технологиясы уурдалгандыгы жөнүндө маалыматы жок экендигин, бирок 2009-жылы Google Кытайдагы жеке адамдар тарабынан жасалган кибер-чабуулдарга туш болгонун белгиледи.

Соттук отурумга Facebook социалдык тармагын негиздеген Марк Цукерберг да катышты. Ал жогорудагы суроого жооп катары АКШнын технологияларын уурдап алган кытай агенттиктеринин отчеттору деталдуу түрдө документтештирилген деп эсептейт, бирок мындай окуялар «Фейсбукта» болуп-болбогонун тактаган жок.

Компаниялардын жетекчилерине Конгресстин башка мамлекеттердин агрессивдүү аракеттеринен коргонуу үчүн кандай чараларды көрүү керектиги жөнүндө сунуш киргизүү  өтүнүчү жолдонду. Бирок ишкерлердин бардыгы жооп бербөөнү артык көрүштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM