Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дүйнөлүк туризм индустриясы 320 млрд $ жоготушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 469 | 0

Дүйнөлүк туристтик индустрия 2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам 320 миллиард доллар жоготушу мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун дүйнөлүк туризм уюму (БУУнун туризм боюнча адистештирилген агенттиги) билдирди.

Ага ылайык, май айында башка өлкөлөргө сапар алган туристтердин саны 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 98% азайды.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи беш айында бул көрсөткүч 56% га ылдыйлап, эл аралык туризмден түшкөн киреше төмөндөп кетти. Бул 2009-жылдагы экономикалык кризистен үч эсе көп.

«Эл аралык туризмдин кескин төмөндөшү миллиондогон адамдарга, анын ичинде өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жашоо каражаттарын жоготуу коркунучун туудурат» — деди БУУнун Дүйнөлүк туризм уюмунун баш катчысы Зураб Пололикашвили.

1-июлда ЕБ Шенген аймагынын чек аралары ачылгандан кийин, эл аралык туристтик саякаттын, айрыкча Жердин түндүк жарым шарында акырындык менен жандана баштагандыгы белгиленди. Ошол эле учурда уюм 2021-жылдын экинчи жарымына чейин гана тармактын биротоло калыбына келишин күтөт.

Дүйнөлүк уюмдун эксперттери эл аралык туризмди калыбына келтирүүгө терс таасирин тийгизген бир катар факторлорду белгилешет.

Булар: саякатка коюлган чектөөлөр, көптөгөн өлкөлөрдөгү чек аралардын жабылышы, саякатка чыкканда инфекциянын жугушу, эпидемиянын экинчи толкуну жана чек аралардын кайрадан жабылышы. Саякат, ошондой эле коронавирус жөнүндө ишенимдүү маалыматтын жоктугу жана жалпы экономикалык кырдаалдын начарлашына байланыштуу тынчсыздануулары менен чектелет.

Буга чейин, 27-мартта, БУУнун дүйнөлүк туризм уюму коронавирус пандемиясынан улам  2019-жылдын ушул эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу эл аралык туристтик сапарлардын саны ушул жылдын аягында 20-30% га төмөндөшү мүмкүн экенин билдирген.

Бул эл аралык туризмден түшкөн кирешенин 300-450 миллиард долларга төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн деп белгиленди, бул былтыркы көрсөткүчтөн үчтөн бирине, тагыраагы 1,5 миллиард долларга жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM