Биз менен байланышыңыз

Фукусима: Ресторандагы жарылууда бир адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 402 | 0

Япониянын Фукусима префектурасындагы Коряма шаарындагы ресторанда жарылуудан бир адам каза тапты. Бул тууралуу NHK билдирет.

Катуу жарылуу Коряма шаарындагы чакан имаратты толугу менен кыйратты. Чатыры сынып, дубалдардан темир устун гана калган. Имараттын ичиндеги урандылардын астында өрт өчүргүчтөр бир адамдын сөөгүн табышты.

Дагы 17 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты, алардын экөөсүнүн абалы оор.

Өрт өчүргүчтөр жана полиция кызматкерлери имаратта эмне болгонун дароо аныктай алышкан жок, анткени ал толугу менен талкаланган.

Жарылуу толкуну коңшу имараттарды да бузуп кетти. Тактап айтканда, жарылуу болгон жерден 400 метрден ашык аралыктагы үйлөрдүн айнектери сынган.

Полициянын айтымында, жапон эт рестораны коронавируска байланыштуу жабылган. Бул убакыттын ичинде ээлери оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM