Марал Радиосу

Текебаевдин абалы жакшы, жакында ооруканадан чыгары күтүлүүдө

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевдин абалы туруктуу. Бүгүн, эртең ооруканадан чыгары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2 жума мурда Өмүрбек Текебаев менен анын жубайы Айгүл Текебаевадан коронавирус аныкталып, дене табы көтөрүлгөндүктөн ооруканага жаткырылган.

Учурда жубайы вирустан сакайып, ооруканадан чыккан. Текебаевдин да абалы жакшы, жакынкы күндөрү үйүнө чыгары айтылды.

Кошумчалай кетсек, саясатчы, экс-депутат Камчыбек Ташиев да эки тараптуу пневмониянын оор түрү менен ооруп, дарыланып чыкты.