Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Мындан кийинки өмүрүм элдики

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 3690 | 0

Саясатчы, экс-депутат Камчыбек Ташиевдин абалы турукташты. Ал оорукандан чыгып, калган дарылануусун үйдөн улантат. Бул тууралуу саясатчы өзүнүн фейсбуктагы баракчасында жазды.

«Урматтуу Кыргыз калкым!
Биз бүгүн больницадан чыктык, эми калган дарыланууну үйдөн улантабыз.
Элимдин дубасы, ак тилектери, АЛЛАХымдын буйругу жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды!
Миңдеген адамдардын телефон, ватсап жана башка суроолоруна, каалоолоруна жооп бере албадым, туура түшүнүңүздөр, баарыңыздарга ыраазымын, эми жашоом кайрадан башталды.
Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы солдатымын!
Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум, ынтымакта женебиз!»,- деп жазды Ташиев.

Буга чейин, Ташиевге эки тараптуу пневмониянын оор түрү деп диагноз коюлуп, абалы оор экендиги айтылган. Мындай маалыматты анын уулу Тай-Мурас ырастаган.

Ташиев: Июнь коогалаңы боюнча китеп жаздым, бирок аны жарыялагандан кооптонуп турам

Copyright © 2017 Maral FM