Марал Радиосу

Москвадагы парадга катышкан кыргыз жоокерлери (фото, видео)

Бүгүн, 24-июнда Москва шаарында Улуу жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскер парады болуп өттү. Ага СССРге мүчө болгон мамлекеттердин жоокерлери да катышты. Алардын катарында кыргыз жоокерлери да Кыргызстандын желегин көтөрүп, параддан өтүштү.

Кыргызстандын атынан Советтер Союзунур Баатыры генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы аскер институтутунун курсанттары катышты. Аларды полковник Бекказы Туменбаев жетектеп барды.

Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу 9-майга белгиленген парад 24-июнга жылдырылган.

Парадга катышуу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековду Москвага коштоп барган эки кишиден коронавирус аныкталып, ушундан улам президент Сооронбай Жээнбеков Кызыл аянттагы аскер парадына катышуудан баш тартты.