Биз менен байланышыңыз

Москвадагы парадга катышкан кыргыз жоокерлери (фото, видео)

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 8681 | 2

Бүгүн, 24-июнда Москва шаарында Улуу жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскер парады болуп өттү. Ага СССРге мүчө болгон мамлекеттердин жоокерлери да катышты. Алардын катарында кыргыз жоокерлери да Кыргызстандын желегин көтөрүп, параддан өтүштү.

Кыргызстандын атынан Советтер Союзунур Баатыры генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы аскер институтутунун курсанттары катышты. Аларды полковник Бекказы Туменбаев жетектеп барды.

Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу 9-майга белгиленген парад 24-июнга жылдырылган.

Парадга катышуу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековду Москвага коштоп барган эки кишиден коронавирус аныкталып, ушундан улам президент Сооронбай Жээнбеков Кызыл аянттагы аскер парадына катышуудан баш тартты.

Жеңиш парады

Кыргызстандын аскерлери Москвада параддан өттү

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Среда, 24 июня 2020 г.

    

2 пикир

2 пикир

  1. Абыл

    24.06.2020 20:03

    Улуттук гвардиянын аскерлеринен ковид 19 чыгып барбай калды эле булар кайсы гвардия.10баладан чыкты дедиэле

  2. kenechdek akmatov

    25.06.2020 16:11

    Аман болушсун.Сөз жок!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM