Марал Радиосу

Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди

Кыргызстандык белгилүү хирург, Кыргыз Эл Баатыры Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди.

Ал хирург катары эң узак убакыт эмгектенген. Гиннесте анын карьерасы 67 жыл, 181 күн деп белгиленген.

Рейтинг 2020-жылдын 29-февралында жарыяланган.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Ал Кыргызстандагы Медициналык академияны бүтүргөн. СССР убагында Жогорку Советтин депутаты, эгемендик жылдарында Жогорку Кеңештин депутаты болгон.  Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2004-жылы алган.

Мамбет Мамакеев: Кыргыздын башы — мыкты баш!