Марал Радиосу

УКМК: Атамбаевдин абалы канааттандырарлык

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы бүгүн, 22-майда, билдирди.

— Учурда Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин баласы Сеид Атамбаев анын ден соолугунун абалы кескин начарлап кеткендигин айткан болчу.

Атамбаевдин ден соолугунун абалы кескин начарлады