Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев обсервацияда жаңжал чыгарган жарандарга кайрылды

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 1323 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Өкмөт мекендештерди өлкөгө алып келүүнү уюштуруу жана мекенге кайтканга чейин барган өлкөсүндө убактылуу туруу шарттарын түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат.

Мекендештерди этап-этабы менен алып келүүнү уюштуруу менен катар эле, алар үчүн обсервациялык жайлар оңдолуп жана бардык зарыл шарттар түзүлүп даярдалган. Медицина жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар өз өмүрүн тобокелге салып, жарандардын ден соолугун коргоо жана сактоо үчүн күн-түн дебей иштеп жатат. Алар эң жакын адамдарынан обочолонуп, үй-бүлөсүн көптөн бери көрбөй иштеп жүрүшөт, — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал өзгөчө белгилегендей, миллиондогон жарандар кирешесинен айрылып, чыгымдарга дуушар болуу менен карантиндик шарттарда жашоону улантышууда.

Үстүбүздөгү жылдын 18-мартынан тарта COVID-19 инфекциясынын тыштан келген 351 учуру аныкталган. Алардын арасында Соль-Илецктен келгендердин арасында коронавирусту жуктурган 101 адам катталган, анын ичинде 43ү бүгүн аныкталды. Бирок айрым жарандар обсервацияга келген күндөн баштап медицина кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүүдө. Алар башка адамдардын саламаттыгына коркунуч жаратып, жарандардын тынчын алып, тартип бузушууда. Кайталоо анализи инфекциянын жок экендигин көрсөткөндө гана жарандар обсервациядан чыга аларын белгилеп кетким келет! Жарандарыбыз кандай оорчулуктарга туш болгонун түшүнүп турабыз. Алар алыстан мекенине кайтып келүүнү көпкө күтүшкөн, бирок биз үчүн эң башкысы – инфекциянын көзөмөлсүз жайылышына жол бербөө болуп саналат. Иш-аракеттердин иштелип чыккан алгоритмин эч бузбастан, алардын кынтыксыз аткарылышын камсыздоо зарыл. Вирустун жок экендиги аныкталганда гана үй карантинин сактоо үчүн аларды жашаган жерлерине жеткирүү уюштурулат. Биз, биринчи кезекте, туугандарыбыздын жана жакындарыбыздын, коомдун алдындагы жоопкерчилигибизди эстен чыгарбоого тийишпиз, — деди Өкмөт башчы.

Өкмөт башчы компетенттүү органдарга түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, ошондой эле обсервацияларда тартипти сактоо жана медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө шарттарды түзүү боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM