Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги балдар ооруканасынан коронавируска чалдыккандар аныкталды

Кыска кабар | 7 мая 2020 | 738 | 0

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө COVID-19 учуру аныкталды. Бул тууралуу ыкчам штаб билдирүү таратты.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө буга чейин дарыланып кеткен бейтапта коронавирус аныкталды. Илдеттин жукканы тууралуу бейтап жашаган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан түшкөн билдирүүдөн кийин маалым болгон. Натыйжада бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер изилденип, ПЧР диагностика 7 адамда коронавирус бар экенин тастыктаган. Алардын ичинен 2 балада, 3 энеде жана 2 медициналык кызматкерде. Калган 20 кызматкерде, 13 балада жана 7 ата-энеде тесттин жыйынтыктары таза чыккан. 14 күн бою алар медиктердин көзөмөлүндө болушат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун экинчи базасында бейтаптар кабыл алынган эмес, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөн. Мында 13 бала ден соолугу оор акыбалда болгондуктан, медициналык жардамга муктаж жана катаал карантиндик чараларды сактоо менен бөлүмдө дарылануусун улантууда.

20 кызматкер үчүн имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында обсервация уюштурулган, бардык медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган.

Copyright © 2017 Maral FM