Кыргызстандын Өкмөтү башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошотуп же кайтарымсыз негизде насыялоо бере албайт. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелдеги брифингде вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.
— Биздин бюджет мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт жана учурдагы кырдаалды так түшүнүү керек. Анткени биз республикалык бюджеттен каржыланган жарандарыбыз алдындагы милдеттерибизди аткарышыбыз зарыл – бул пенсияларды, жөлөк пулдарды жана айлык акыларын төлөө, — деп билдирди вице-премьер-министри Асрандиев.
Ошондой эле ал, өткөн аптада өлкөдө түзүлгөн бул оор кырдаалдан чыгуу боюнча кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынганын кошумчалады.