Марал Радиосу

COVID-19: Казакстанда вирус жуктургандар 260тан ашты

Бүгүн, 29-мартта саат 14:40ка карата Казакстанда коронавирус жуктурган 14 адам катталды. Анын ичинен 11 учур Нур-Султан шаарында, 3 учур Алматы шаарында аныкталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Казакстанда жалпы бейтаптардын саны 265 адамга жетти.
Алардын ичинен:
— Нур-Султанда 162 адам;
— Алматы шаарында 67;
— Карагандада 7;
— Жамбыл облусунда 3;
— Атырау облусунда 6;
— Акмола облусунда 6;
— Чымкентте 2;
— Чыгыш Казакстан облусунда 2;
— Алматы облусунда 4;
— Актөбөдө 1;
— Түндүк Казакстан облусунда 1;
— Павлодарда 1;
— Мангистау облусунда 1;
— Кызыл-Ордо облусунда 2 адам бар.

Казакстанда буга чейин 1 адам коронавирустан каза болгон. 18 киши илдеттен айыккан.


29-март: Дагы 26 жарандан коронавирус аныкталды, жалпы 84кө жетти


Өзбекстанда коронавирусту жуктургандар 133кө жетсе, 7 бейтап айыкты


Өзбекстан: Дарыгерлер коронавирустан айыккан жарандарды үйүнө узатууда (фото)