Марал Радиосу

Кыргызстанда 410 киши обсервацияда жатат

Бүгүн, 20-мартка карата Кыргызстанда 410 киши обсервацияда жатат. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлайт.

Обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн орундуктардын саны – 2290.

Кичи ажылыктан кайтып келген жарандар менен байланышта болгон 1042 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Медициналык жана санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Кыргызстандын аймагына кирүү 2 категорияга ылайык ишке ашырылууда.

Кыргызстанда дагы 3 кишиден коронавирус аныкталды