Кыргызстанда дагы 3 кишиден коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 20-мартка карата дагы 3 адам коронавирус илдети менен катталды. Алар Ноокат районунун тургандары болуп чыгышты. Учурда үчөө тең изоляцияга алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта брифингде билдирди. Буга чейин Сузак районунун 3 тургуну бул вирусту жуктуруп алганы кабарланган. Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, коронавирус катталган Ноокат районунун жарандары да кичи ажылыктан келишкен. … Читать далее Кыргызстанда дагы 3 кишиден коронавирус аныкталды