Кыргызстанда коронавируска кабылган 3 жагдай катталды. COVID-19 вирусунан сактануу үчүн эң негизгиси — гигиенаны сактоо, тазалыкка көңүл буруу. Айрыкча, колду бат-бат самындап жууп, антисептик каражаттарын колдонуу сунушталат.
Коронавирустан коргонуу үчүн антисептикалык препаратты ар бир адам үй шартында жасап алса болот.
- 50 мл медициналык спирт 90%
- 30 мл глицерин
- 5 тамчы эфир майы
- 30 мл суу
Баарын аралаштырып, таза айнек идишке сактоо, бат-баттан колду, мурундун айланасын сүйкөп туруу. Спирт дезинфекция кылса, глицерин колдун жарылуусунун алдын алат.
Дагы бир ыкмасы:
- 30 грамм кайнатылган муздак суу
- 70 грамм медициналык спирт
- 2 тамчы нашатырь спирти
- 2 граммдык шприц менен глицерин