Марал Радиосу

Роналду отелдерин оорукана кылууга берди

«Ювентус» футболдук клубунун чабуулчусу, португалиялык Криштиану Роналду коронавирус менен күрөшүү максатында мейманканаларын оорукана катары пайдаланууга берди. Бул тууралуу Marca гезити жазды.

Маалыматка караганда, SARS-CoV-2 менен ооруган бейтаптар бул ооруканалардан акысыз дарылана алышат. Роналду ал жерде иштеген дарыгерлер менен кызматкерлердин маянасын да өзү төлөй турганын айткан.

Футболчунун мейманканалары Португалиянын Мадейра жана Лиссабон шаарларында жайгашкан.

12-мартта клубда чогуу ойногон Даниэле Руганиден коронавирус аныкталган соң Роналду Португалияда карантинге алынган.

Португалияда 245 адам вируска кабылган. Дүйнө боюнча COVID-19 вирусун 163 миң 600дөн ашык киши жуктурду.


Жеке ишкер Балыкчыдагы мейманканасын оорукана катары бергенге даяр