Биз менен байланышыңыз

Кытайда карантиндеги мейманкана урап түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 1140 | 0

Кытайдын Фуцзянь провинциясынын Цюаньчжоу шаарында карантинге алынган мейманкана урады. Кырсыктын кесепетинен 10 киши көз жумуп, 70тен ашык адам урандынын алдында калды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, мейманка коронавируска кабылгандар менен мамиледе болгон адамдарды карантинге алып, көзөмөлдөөдө пайдаланылып жаткан.

Акыркы маалыматтарга караганда кырсыктан 10 адам каза таап, мындан сырткары, ондогон кишилер дайыны чыкпай жатат. Куткаруучулар уранды астынан да ондогон жарандарды алып чыгышкан.

5 кабаттуу мейманканда кырсык катталганга чейин 71 адам болсо, алардын 58и вирусту жуктурууга шектелип, карантинге алынган.

Синьхуа агенттигинин маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында мейманкананын биринчи кабатында оңдоп-түзөө иштери жүргөн. Ал эми мейманкана 2018-жылы курулуп, кардарлар үчүн 80 бөлмөсү бар эле.

Учурда полиция мейманканын өкүлдөрүн суракка алып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM